1. Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу түрдө көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган элдик оозеки чыгарма. Айтылат ар бир үйдө албан жомок, Жомок да билгендерге жомок болот (Шүкүрбеков). || Ушундай мазмундагы адабий чыгарма. Пушкиндин жомоктору. Андерсендин жомоктору. 2. Чындыкка жатпаган, ар кандай апыртмалуу баяндама, кеп. Болгон иш жомок экен чын түшүндүм (Токобаев). Кыл көпүрө деген – жомок (Сыдыкбеков). 3. Элге-журтка кеңири белгилүү болуп, көп айтылып таралып кеткен кеп, окуя, кабар. Айтылган ар бир үйдө жомок болуп, Манастай өлбөс-өчпөс атак алгын (Үмөталиев). Турмуштун бул кайгысы болду жомок (Шимеев). Кыягы Ителгинин жомок болду, Чынында эл мактарлык бар эле орду (Үмөталиев).
ЖОМОК БАШЫ — элдик оозеки чыгармалардын башталышында айтылуучу кириш бөлүм. Жана башкалар көбүнчө жөө жомоктордо, эпостук чыгармаларда колдонулат. Жомокто: «Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен», же «Илгери-илгери өткөн заманда» өңдүү туруктуу сүйлөмдөр болот. Жана башкалар «Манас» эпосунда өзүнчө кайырма түрдө айтылат:
Ээ-эй, байыркынын жомогу,
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу
Эстесе келер оролу.
Жарымы төгүн, жарымы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Көбү жалган, көбү чын
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Күпүлдөтүп айтабыз
Көк жал Манас көөнү үчүн (Курама варианты, 1. 3).
Жана башкалар манасчы тарабынан эл алдында эпосту айта баштаганда окуяга, чыгармага, угуучулардын көңүлүн бурдуруучу киришүүнүн милдетин аткарган. Эпосто ал ушундай озуйпасы менен толук турпатында зор манасчылардын гана репертуарларында айтылат. Бирок айрым элге кеңири тараган «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» өңдүү окуяларда жана башкалар өзүнчө кайырма сыңары чакан-чакан көлөмдө көпчүлүк манасчылардын репертуарына мүнөздүү.
адаб. Элдик оозеки чыгармаларда жомоктордун кириш бөлүгү. Мис. «Манаста» «…Көбү жалган көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн…» деген саптар менен жомок башы айтылса, жөө жомоктордо «Илгери-илгери өткөн заманда…», «Бар экен да жок экен…» дегендей салттуу сөздөр менен башталат.
адаб. Оозеки чыгармалардагы жомоктордун жана жөө жомоктордун традициялуу бүтүмү. «Манас» эпосунда башкы каармандардын кайып болушу менен аяктаса, жөө жомоктордо «…Ушинтип жыргап-куунап жашап калышыптыр…» дегендей бүтүм чыгарылат.